Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу чаралары күчөтүлүүдө (видео)

2201

Кыргызстанда коронавирустун алдын-алуу үчүн мектеп олимпиадасы белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Окуучулардын ар кандай сынактары жана башка иш-чаралары да азырынча өткөрүлбөй турган болду. Мындай чечим өкмөттүн кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Вирустун өлкө аймагында жайылуусуна жол бербөө максатында Нооруз майрамы, анын ичинде ат оюндары жана көк-бөрү боюнча мелдеш да өткөрүлбөйт. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылган учурлар каттала элек. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги айрым фармацевттер илдет тууралуу жалган маалымат таратып, акча жасап жатканын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.