Кыргызстанда криптовалюта киргизилгени жатабы? (видео)

674

Экономикада криптовалютаны колдонуу коррупциялык тобокелчиликтерди азайтат. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын Алматы шаарында болгон Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында билдирген. Анын пикиринде, мамлекетик сатып алууларда криптовалютаны колдонуу жемкордукту азайтууга шарт түзөт экен. Адистер дагы дүйнө электрондук экономикага жакындап баратканын, демек, бул системаны келечекте киргизсе болоорун айтышууда.