Кыргызстанда Курман Айт майрамы белгиленүүдө (видео)

1864

Бүгүн мусулмандардын ыйык майрамы болгон Курман айт белгиленүүдө. Буга карата өлкөнүн бардык аймактарында таң эрте айт намазы окулду. Бишкек шаарынын Эски аянтында өткөн айт намазга 35 миңден ашык адам катышты. Чогулгандардын алдында Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев жана башка диний кызматкерлер сөз сүйлөп, Курман айттын мааниси тууралуу айтып беришти. Бүгүн Курман айт менен Билим күнү бир күнгө туш келгендиктен, борбор калаада жана жер-жерлерде 9 миңден ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.