Кыргызстанда күрөөканаларды жабуу сунушталууда (видео)

602

Сүткорлукка Жогорку Кеңештин айрым депутаттары каршы чыгышты. Эл өкүлү Азамат Арапбаев ломбарддар таптакыр көзөмөлдөнбөй калганын айтып, алар насыяларды өтө жогору үстөк пайыз менен бергени аз келгенсип, күрөөгө коюлган мүлкүн ээлери кайра сатып ала албай жатышканын да билдирди.

Кээ бир депутаттар болсо күрөөканалардын ишин таптакыр токтотуу керек дешүүдө. Эскерте кетсек, 2009-жылга чейин бул тармакты Улуттук банк көзөмөлдөп келген. Андан соң ломбарддарды 7 жыл эч бир орган көзөмөлдөбөй калып, 2016-жылдан тарта гана бул милдет каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына берилген.