Кыргызстанда кышкы туристтик мезгил расмий түрдө ачылды (видео)

1432

Салтанаттуу азем Бишкектин четиндеги “Чуңкурчак” тоо лыжа комплексинде өтүп, ага Казакстандын, Россиянын, Тажикстандын жана Венгриянын Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулар катышты.

Иш-чара оюн-зоок, концерттик программалар менен коштолуп, ар кандай сынактар уюштурулуп, келгендердин көңүлү көтөрүлдү. Туризм департаментинин жетекчилигинин айтымында, быйыл эс алуучулардын саны былтыркыга салыштырмалуу аз болушу мүмкүн.