Кыргызстанда кызылча илдети күчөдү (видео)

590

Акыркы 2-3 күн ичинде эле кызылча илдети менен 23 адам ооруканага жаткырылды. Бейтаптардын басымдуу көпчүлүгү бир жашка чейинки бөбөктөр. Адистер өлкө аймагында кызылча илдетинин күчөп жатканын балдар өз убагында эмделбегени себеп болууда дешет. Учурда Кыргызстан боюнча бир жаштан, мектеп жашына чейинки 7 миңге жакын бала тийиштүү вакциналарды алган эмес.
Айрым ата-эне диний көз караштан улам балдарын эмдетпесе, кээ бирлери дарылардын сапатынан күмөн санагандар. Эмдөөдөн баш тарткандардын көпчүлүгү Чүй, Ош областарынын жана Бишкек шаарынын тургундары экени белгилүү.