Кыргызстанда лыжа тебүү сезону аяктады (видео)

762

Каракол базасында спорт ышкыбоздорунун катышуусунда көңүл ачуучу оюндар уюштурулду. Быйыл жаз эрте келгенине байланыштуу туристтер жана жергиликтүү эс алуучулар үчүн лыжа тебүү сезону эрте жабылды.

Адистер бул жылы чет өлкөдөн келген эс алуучулар мурдагы жылдарга салыштырмалуу кескин азайды дешет. Туристтерди көбүрөөк тартуу үчүн инфраструктураны жакшыртуу керек. Бул үчүн ишкерлер мамлекеттин жардамына муктаж. Анан эң башкысы кийинки жылы кар көп жааса деп тилешет бул тармакта эмгектенгендер.