Кыргызстанда маалымат күркөлөрү иштей баштайт

1602

Каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоевдин айтымында, ар бир айыл өкмөтүндө атайын күркөлөр түзүлүп, ал жактан паспорт, нике, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана персоналдык идентификациялык номурун алууга болот.

Башкача айтканда, калкты тейлөө боюнча чакан борборлор ачылат. Ал жакта отурган операторлор жарандардын документ алуу үчүн толтурулган анкета-арыздарын кабыл алышат. Бул үчүн япониялык гранттын эсебинен 5,6 миллион долларга 427 жабдык сатылып алынат.

Учурда өлкө аймагы боюнча 170 маалымат күркөлөрү орнотулуп, техника сыноодон өткөрүлүүдө.