Кыргызстанда майып балдар көбөйдү (видео)

1354

Кыргызстанда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны өсүүдө. Акыркы он жыл ичинде 10 миңге көбөйгөн. Майып балдардын дээрлик 34 пайызы нерв ооруларына туш болгон. Мунун негизги себеби үй-бүлөнү туура эмес пландаштыруу, кош бойлуу аялдардын аз кандуулугу жана организмде темирдин жетишсиздиги.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги берген маалымат боюнча, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны дагы 1,5 миңге көбөйүшү мүмкүн. Анткени 3-4-стадиядагы оорулууларга майыптык берүү чечими чыгарылган.