Кыргызстанда майыптар үчүн шарттар каралган эмес (видео)

962

Бишкектеги коомдук жайлардын, мамлекеттик мекемелердин 90 % пандустар жок. Айрым жерлерде болсо дагы, талапка жооп бербейт. Ал эми аймактарда абал андан да аянычтуу. «Кызыл жарым ай» коомунун кызматкерлери менен активисттер борбор калаадагы чыныгы абалды байкоо үчүн эксперимент жасап көрүштү.

Коомдук тамактануучу жайлардын бирине Чүй областтык милициясына барганда пандус жок болуп чыкты. Ал эми Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы пандус жараксыз экен. Мындай шартта майыптардын өз алдынча жүрүүсү өтө эле оор.