Кыргызстанда майыптардын эл аралык күнү белгиленүүдө (видео)

4346

Жарык дүйнөгө келгенден тарта тагдырдын оор сыноосуна кабылып, баса албай же аң-сезими артта калган жеткинчектер. Аларды калыбына келтирүүгө тынбай аракеттерди көргөн ата-энелер менен медицина кызматкерлери. Бугун Бишкек шаарындагы реабилитациялык борборлордун биринде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөр үчүн майрамдык иш-чара болуп өттү.

Ал 3-декабрь майыптардын бүткүл Дүйнөлүк күнүнө арналып уюштурулган. Ага айыккыс оору менен жабыркап майыптар арабасында отурган өспүрүмдөр, акыл эсинин өнүгүүсү артта калган бөбөктөр ата-энелеринин коштоосу менен келишкен.