Кыргызстанда майыптарга кандай кам көрүлөт? (видео)

835

3-декабрь – ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү. Буга байланыштуу өлкөдөгү майыптар коомчулугу президент Сооронбай Жээнбековдон Бириккен Улуттар уюмунун Майыптар конвенциясын ратификациялоону суранышууда. Кыргызстан бул документке 2011-жылы кол койгону менен ал парламенттен ратификациядан өтө элек.

Эгер парламент ал конвенцияны ратификацияласа, бийлик майыптардын бардык тармактарда иштешине, жараяндарга катышуусуна толук шарт түзүп берүүгө милдеттүү болот. Акыркы 7 жылдан бери өкмөт конвенцияны ишке ашырууда бир топ финансылык маселелер бар экенин айтып, аны парламентке сунуштабай келген. Бүгүнкү күндө ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кандай кам көрүлөт?