Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен сериал тартылат (видео)

2898

Жакынкы күндөрү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги адам, үй-бүлө жана мекен темадагы телесериал тартуу үчүн конкурс жарыялайт. Анда тандалып алынган мыкты сценарийдин негизинде сериалды тартуу иштери башталат.

Конкурска катышам деген ар бир каалоочуга эшик ачык. Анда негизинен мекенди сүйүүгө үндөгөн жана негизги багыттагы тематикаларды камтыган сценарийлер сунушталышы керек. Белгилей кетсек, өлкөдө биринчи жолу мамлекеттин эсебинен телесериал тартуу демилгеси көтөрүлүүдө.