Кыргызстанда медициналык каражаттар жетиштүүбү? (видео)

1374

Контрабанда аркылуу ташылып бара жатып кармалган миллион даанага жакын медициналык беткап рынокко чыгарылды. Анын жарымы өлкө боюнча беткап тартыш болгон аймактарга таратылып, фармацевтикалык компаниялар аркылуу 10 сомдон сатылууда. Калган бөлүгү да жакын арада дарыканаларга таратылат экен.

Анын баасын көтөргөндөр мыйзам алдында жооп беришет. Ошондой эле, тиешелүү мекеменин өкүлдөрү антисептикалык каражаттарга да тартыштык болбойт деп ишендиришүүдө. Себеби аны ата-мекендик өндүрүүчүлөр чыгарып, ири көлөмдө дарыканаларга, соода түйүндөрүнө жеткирип жатышыптыр.