Кыргызстанда миграция полициясы түзүлүшү керек (видео)

848

Кыргызстанда миграция полициясы түзүлүшү керек. Бул сунуш Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды. Ага ылайык, мыйзам бузууларга барган башка мамлекеттин жарандарын өлкөдөн чыгаруу менен миграция полициясы алектениши керек. Ал эми чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн Жогорку Кеңеште миграция комитети түзүлүшү зарыл, дешет депутаттар.

Ошондой эле, отурумдун жүрүшүндө кен иштетүүдө жергиликтүү тургундар менен инвесторлордун ортосундагы мамиле министрлик жана мекемелерде түзүлгөн өнүктүрүү фонддору тууралуу да сөз болду.