Кыргызстанда өндүрүлгөн жүгөрү эмнеге экспорттолбой жатат? (видео)

2553

Тоютту экспорттоого тыюу салынгандан тарта продукциясын сата албай чыгаша тарткан дыйкандар жана баасы текейден да арзан болуп, төмөндөп кеткен жүгөрү даны. Жүгөрү өндүрүүчүлөр ассоциациясы тоюттун айрым түрлөрүн экспорттоону жолго салуу үчүн Айыл чарба министрлигине кайрылышууда.

Айтымдарында, учурда коңшу өлкөлөргө сатылуучу 200 миң тоннага жакын жүгөрү дагы деле кампаларда сакталуу турат. Анын ичинен 120 миң тоннасы Чүй областында экен. Ал арада, Айыл чарба министрлиги болсо, тоюттун түрлөрүн коңшу өлкөлөргө сатууга коюлган чектөө алынганын билдирүүдө.