Кыргызстанда Орозо 17-майда башталат

1605

Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин чечими менен 17-май Орозонун алгачкы күнү катары белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. 16-майдан 17-майга караган түнү саат 3:34 ооз бекилет.

Анын айтымында, айдын жаңырышына жараша ыйык Рамазан айынын алгачкы күнү бир күн эрте да башталышы мүмкүн.