Кыргызстанда психикалык ооруулардан жабыркагандардын саны өсүүдө

758

Бул тууралуу Дүйнөлүк психикалык саламаттык күнүнө карата өлкөдөгү акыл-эс дарттары менен жабыркаган адамдарга туура камкордук көрүү тууралуу жыйында белгилүү болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир нече жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан бул иш-чарада Кыргызстанда жылына 10 миң киши каттоого алынары да белгиленди. Ал эми жалпысынан туруктуу каттоодо турган бейтаптардын саны азыр 71 миңге чамаласа, 50 миңден ашуун адам оор психикалык дарттар менен жабыркайт.

Ошол эле убакта, өлкөдө профилдүү адистер жетишпейт. Мисалы, республика боюнча балдар менен иштешкен кеминде 50 адиси болуш керек болсо, бүгүнкү күндө алардын саны тогузга гана жетет.

Ал эми дүйнөдө 450 миллион киши ар түрдүү психикалык оорулардан жабыркап келет.