Кыргызстанда рак илдетине каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленүүдө

856

Кыргызстанда рак илдетине кабылгандар көбөйүүдө жана учурда бул оору менен катталгандардын саны 25 миңден ашты. Бүгүн рак илдетине каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленүүдө. Ага карата Бишкекте атайын жыйын өтүп, ага Саламаттыкты сактоо министри жана рак илдети менен күрөшүү жаатындагы уюмдардын адистери катышышты.

Расмий маалыматка караганда, былтыр эле 5500 кишиде онкологиялык дарт аныкталып, алардын 60 % көз жумган. Өлкөдө бул илдетти дарылоодо бир топ көйгөйлөр бар экени белгилүү. Өзгөчө радиациялык нур менен дарылоочу заманбап жабдыктардын жоктугу кыйынчылык жаратып келет. Мындан тышкары, көпчүлүк препараттарды чет өлкөлөрдөн гана табууга мүмкүн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.