Кыргызстанда Ravon автоунаалары жана Isuzu автобустары чыгарылат

1083

Өзбекстан 2018-жылы Кыргызстанда Ravon автоунаасынын төрт түрүн жана Isuzu автобустарынын өндүрүшүн баштоону пландап жатат. Ишканалар Бишкекте, Ошто жана Кара-Балтада ачылат. Бул тууралуу Инвестицияларды өнүктүрүү жана коргоо агенттинин басма сөз кызматы билдирди.

25-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында агенттиктин директору менен «Узавтосаноат» ишканасынын жетекчилиги машина куруу тармагы боюнча эки өлкө ортосунда кол коюлган келишимдер жана аны ишке ашыруу боюнча макулдашуулар тууралуу айтышты.

«Тараптар өнөр жайдын, анын ичинде автоунаа өндүрүшүнүн өнүгүшү мамлекеттик саясаттын негизги маселелеринин бири экенин, анткени ал көптөгөн жумушчу орундардын түзүлүшүнө, экспорттун өнүгүшүнө жана өлкөнүн эл аралык коомчулук алдындагы кадыр-баркынын жогорулашына шарт түзөт», – деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Бишкекте Isuzu автобустарын өндүрө турган завод ачуу пландалууда. Жүргүнчү орундардын санына жараша алардын баасы 38- 77 миң долларды түзөт. Кара-Балтада айыл-чарба техникасын чогултуу жолго коюлат. Үч заводдо өндүрүлгөн бардык продукция ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылат.