Кыргызстанда сасык тумоо күч алууда (видео)

997

Соңку апталарда сасык тумоо илдетине кабылгандардын саны 11 пайызга жогорулаган. Вирустук инфекцияга кабылгандардын көбү 14 жашка чыга элек жаш балдар. Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына кечээ 80 адам кайрылып, алардын жарымынан көбү ооруканага жаткырылган. Ошентсе дагы дарыгерлердин айтымында, сасык тумоо боюнча абал азырынча туруктуу. Айтымдарында, жыл сайын февраль айы ортолоп калганда илдеттин күчөшү байкалат. Мындай абал айдын аягына чейин сакталаары болжолдонуп жатыптыр.