Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3,5 миллионго чукулдады

3085

Бул бүгүнкү күнгө алынган маалымат. Шайлоочулардын тизмеси tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Жарандар бул сайт аркылуу өздөрүн тизмеден тактап алса болот.

Алынган маалыматтар боюнча, 2015-жылкы парламенттик шайлоого салыштырмалуу быйыл добуш берүүчүлөрдүн саны 600 миңге көп. Бул жолку Жогорку Кеңешке шайлоону өткөрүүгө дээрлик 723 миллион сомдой сарпталат. Бул тууралуу маалымат жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Учурда каражат боюнча эч кандай маселе жок, — дейт аткаминер. Парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын башчысы болуп дайындалган Акрам Мадумаров саясий өнөктүккө карата жапырт каттоого туруп жаткандар тууралуу да сөз козгоп, аларга карата чара көрүлө турганын эскертти.

Анын айтымында, учурда каттоосу бөлөк жерде болуп, бирок өздөрү башка жерден шайлайбыз деген жарандар «Форма-2» документин толтуруп жатышат. Жапырт каттоого тургузууга жана бир үйгө ондон ашык адамды каттоого жол бербөө максатында өкмөттүн атайын буйругу чыкты. «Эгерде мындай учур катталса, каттоо кызматкери дароо жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарына, БШКнын системалык администраторуна кабар жиберет. Демек, мындай учурду тезинен жок кылууга жана тиешелүү чара көрүүгө болот. Шайлоо күнү жүйөлүү себептер менен башка добушканаларда добуш берүүгө мажбур болгон шайлоочулардын укугун камсыздоо максатында мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар эске алынган. Ошону менен бирге терс ой менен жарандардын паспортун алып, туура эмес иштерди жасаса чара көрүлөт», — деп эскертти Мадумаров.