Кыргызстанда «SoundCloud» сайтына чектөө киргизилди

661

Кыргызстанда «SoundCloud» (англисчеден которгондо «үндөрдүн булуту») аудио таркатуучу платформа 2017-жылдын 17-октябрында Октябрь райондук сотунун чечими менен экстремисттик деп таанылган сайттардын катарына киргизилди.

— Экстремисттик өңүттөгү материалдарды тараткан дагы башка бир катар сайттардай эле «SoundCloud» сайтын да колдонууга чектөө киргизүү тууралуу чечим чыккан. Колдонуучулар эч кандай жоопко тартылбайт. Аны ишке ашыруу ИИМ, УКМК жана Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин жоопкерчилигинде, — деди Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева. Анын айтымында, Башкы прокуратура «бул платформада экстремисттик маанайдагы материалдар жайгаштырылган» деген негиз менен ага бөгөт коюуну өтүнүп сотко кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз өкүлү Сапар Бахирдиновдун «Азаттыкка» кабарлаганы боюнча, азырынча «SoundCloud» платформасын колдонууга чектөө киргизүү техникалык себептерден улам ишке ашпай жатат.

— Биз ар бир интернет-провайдерге кат жөнөтөбүз. Чектөөнү ошолор киргизишет. Азыр кээ бир провайдерлердин техникалык мүмкүнчүлүктөрү жетпей жатканына байланыштуу чектөө киргизе албай жатат. Негизи жалаң эле аудиого чектөө киргизсе болмок. Себеби бул сайт социалдык тармак сыяктуу иштейт да. Бирок биз бир аудиого чектөө киргизе албагандыгыбызга байланыштуу толугу менен сайтка чектөө киргизүүгө туура келет.

«SoundCloud» платформасы 2007-жылы ойлоп табылып, 2008-жылы иштеп баштаган. Каалоочулар ал жакка ар кандай үндөрдү, музыканы, ырларды жана подкасттарды жүктөп, башкалар менен да бөлүшө алат.

Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдогандын телефон аркылуу жеке сүйлөшүүлөрүнүн аудиолору «SoundCloud» сайтына жүктөлгөн соң түрк бийлиги сайтка 2014-жылы чектөө киргизген.