Кыргызстанда спайс баңги затын жайылткан ири түйүн жок кылынды

820

Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандарынан турган трансулуттук топ көп убакыттан бери акыл эске таасир этчу каражатты даярдап, аны интернет аркылуу сатып келген. Бул банда изин жашыруу үчүн электрондук капчыктарды колдонуп, даректерин тез-тезден алмаштырып турган.

Алсак, спайсты сатуудан түшкөн акча Мобильник аркылуу Бишкектен Казакстандагы ортомчу фирманын эсебине которулган. Андан соң Москвадагы электрондук эсепке жөнөтүлгөн. Ал жактан Виза картасына салынып, акча кайра Кыргызстандын, Казакстандын банкоматтарынан чыгарылып келген.

Ыкчам иш аракеттердин негизинде, кылмышка шектүү катары Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Россиянын жарандары колго түштү. Аларды тинтүү учурунда баңги заты жана ири суммадагы акча, турлуу техника, электрондук эсептердин карталары жана дрон алынган. Дрон видеокамерасы аркылуу алар кардарлары товарды алып жатканын көзөмөлдөп турушкан.

Бир капчыгайда сегиз жерге катылган спайс оролгон таңгактар табылды. Алар ушундай жол менен баңги затын сатып келген. Кылмышка шектүүлөр акыл эске таасир этчү каражаттарды жашыруун ыкма менен Алматыдан алып, Бишкектен жасап жүрүшчү. Ал эми Казакстанга концентраттар Кытайдан жеткирилип турганы аныкталган.

Кармалган топтун жанында 3 миллион сомдук товары болгон. Белгилей кетсек, биздин өлкөдө биринчи жолу интернет аркылуу баңги затын саткан канал жок кылынды.