Кыргызстанда таксисттерге каттоодон өтүү милдеттендирилет

714

Кыргызстанда такси кызматын көрсөткөндөргө каттоодон өтүү милдеттендирилет. Буга байланыштуу документти Транспорт министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Азыркы мыйзам боюнча таксидегилер патенттин негизинде иштешет. Ошол эле убакта айдоочулар жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылган талаптарды аткарбай келишет.

Мындан улам, такси кызматын көрсөткөндөрдү Транспорт министрлигинде каттоого алуу сунушталууда. Андан баш тарткандарга жүргүнчү ташууга тыюу салынат. Ошондой эле, автоунаалар таксометр менен атайын белгилер жабдылышы керек. Каттоодон өткөн айдоочуларга атайын талон берилет. Ал унаанын маңдайкы терезесинин оң тарабына чапталат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.