Кыргызстанда тартылган эки мультфильмдин бет ачаары өттү (видео)

1284

Бөбөктөр сүйүп көргөн мультфильмдердин тизмеси ата мекендик эмгектер менен толукталды. Жергиликтүү режиссерлор эки мультипликациялык картинанын бет ачаарын өткөрүштү. Алардын бири — биримдүүлүктү, ынтымакты даңазалаган “Күч бирдикте” мульфильми. Он мүнөттүк тасмада автор ачык түстөгү боек, ар түрдүү локацияларды колдонуп, чыгармага жаңы дем киргизген. Ал эми “Бала өз шаарын кантип сактап калды” аталышындагы мультфильм стоп-моушн техникасында жаратылган. Анда куурчактар сүйлөтүлүп, чыгарманын көркүн ачкан. Татаал ыкма колдонулган 5 мүнөттүк мультфильм 7 ай дегенде даяр болду.