Кыргызстанда таза шайлоо болобу? (видео)

2816

Эскертүүлөргө карабай, мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине аралашуусун токтотпой жатышат. Бул тууралуу республикалык штабдын кезектеги жыйынында коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Ал аткаминерлерди жаман сөзгө калбаш үчүн, үгүт иштери жүрүп жаткан жерлерге басып дагы барбоого чакырды.

Марат Иманкулов кайсы мамлекеттик кызматкерлер саясий өнөктүккө кийилигишип жатканын ачыктаган жок. Бирок шайлоо башталгандан бери иштен четтетилип, сөгүш берилип жаткан учурлар катталууда. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан министрлер кабинетине кайсы бир мекеменин жетекчисине карата чара көрүү сунуштары дагы келип түшүүдө. Аткаминерлер эмне үчүн көнгөн адатынан арыла албай жатышат?