Кыргызстанда таза суу акысы кымбатташы мүмкүн

1895

Системаны жакшыртуу максатында бааларды көтөрүү зарыл. Таза суу акысы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыздоо тармагындагы «Ала-Тоо булагы» программасы боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчысы Бишкектин бир жашоочусу суунун бир куб метри үчүн 5 сом 38 тыйын толоп жатканын, ал эми суунун өздүк наркы сегиз сомго жетээрин белгиледи. «Желим бөтөлкөдөгү 1 литр суу 20 сомдон ашык турат. Мындай болбошу керек. Калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде биз жер-жерлерде суу менен камсыздоо тутумун жакшыртууну кааласак, анда сөзсүз бааларды кайра карап чыгуу кажет, — деди премьер-министр.

Акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына таянсак, Кыргызстан боюнча миллионго жакын жаран таза сууга жетпейт. Алардын 40 пайызы сууну арыктардан, каналдардан ичишет. Жана алынып келинген суу менен пайдаланууга аргасыз. Ал эми «Ала-Тоо булагы» программанын алкагында, республиканын 115 айылында суу менен камсыздоо тутумдарын куруу пландаштырылган.