Кыргызстанда теракттарды уюштурууну пландап жүргөн жаран кармалды

855

«Сириядагы согушкерлердин көрсөтмөсү менен Кыргызстанда теракт уюштурууну пландап жүргөн» деген шек менен эл аралык террорчул топтун өкүлү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматтарга караганда, 1995-жылы туулган кыргызстандык чет мамлекетте жүрүп, Сириядагы согуштук аракеттерге жарандарды азгырып жана ал жакка алып чыгуу аракеттерин көрүп жүргөн.

Мындан тышкары, согушкерлердин муктаждыктары үчүн дары-дармек ташууга дагы көмөктөшкөн. Шектүү адам 2017-жылдын март айында согушкерлердин башчысы «Абу Салох» каймана аты менен таанымал Сирожиддин Мухтаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанга келип, теракт уюштурууну пландоо жана ишке ашыруу аракеттерин көрүп жүргөн.

Учурда бул боюнча «Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттерде куралдуу кагылыштарга жана согуштук аракеттерге катышуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран камакка алынды.