Кыргызстанда тергөө судьяларынын институту пайда болобу?

1241

Бул тууралуу мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитетинде каралды. Демилгечи — өкмөт. Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдиргендей, жаңы институт тергөө органдардын иш-аракеттери боюнча түшкөн арыздарды карайт.

Тергөө судьясы райондук жана шаардык соттордо гана болот. Фемида өкүлдөрү прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органындагы ыйгарымдуу кызмат адамынын чечимин жана процесстик иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна соттук көзөмөлдү жүзөгө ашырат.

Бул институтту ишке киргизүү үчүн соттордун саны 56 штаттык бирдикке көбөйүшү мүмкүн.