Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер лабораториялык текшерүүдөн өтөт

1192

Кыргызстанда тигилип жаткан кийим-кечелерди Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти лабораториялык текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Төлө Исаков билдирди. Анын айтымында, Казакстандан Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен уулуу зат табылды деген маалыматтан кийин текшерүүлөр башталды.

Бирок алгач ошол формальдегид көп колдонулган делген товарлар Кыргызстанда даярдалганбы тактоо зарыл, дешет адистер. Анткени биздин өлкөдөн балдардын кийимин чыгаруу катуу көзөмөлдө. Сертификатсыз экспорттолбойт.

Жыл башында эле тиешелүү органдар ондон ашык текшерүү жүргүзүп, кийим кечелерде формальдегиддин курамы нормадан ашпаарын аныктаган. Андыктан кимдир бирөөлөр Кыргызстанда өндүрүлгөн товарды жаман көрсөтүү максатында атайын жасап жатышы мүмкүн, дейт «Женил өнөр жай» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Асанов.

Дагы бир божомол боюнча, Казакстанга Кытайдан ташылган кийим кече сапатсыз болуп чыгышы мүмкүн. Анткени Кытайдан «Кыргызстанда жасалган» деген белги менен товардын түрү өндүрүлүп, экспорттолуп келээри жашыруун эмес.