Кыргызстанда ун кымбаттады (видео)

1194

Өлкө базарларында ун кымбаттады. Бир килограмм ун соңку эки апта аралыгында эле 8 сомго чейин жогоруласа, 1 кап ун 1500 сомго жетти. Сатуучулар менен ун ташуучулардын айтымында, баанын өзгөрүшү Казакстанда түшүмдүн начар болгону менен байланыштуу.

Бирок монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү чоочуулоого негиз жок деп жооткотуп жатышат. Айтымдарында, эгерде баа бир ай ичинде 20 пайызга жогоруласа, өкмөт баа саясатына кийлигишип бир калыпта кармайт. Өкмөт ун кымбаттаган жок дегени менен базардагы абал башкача.