Кыргызстанда унааны караңгылатуу мыйзамдаштырылат (видео)

650

Унаалардын терезесин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат берилсе, өлкөдө жол кырсыктарынын саны көбөйөт. Мындай кооптонууларын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери билдирип жатышат. Ошондой эле, «Коопсуз шаар» долбоорунун кийинки этабында унаадагы айдоочунун жана анын ичиндегилердин жүзүн аныктоо ыкмасы иштей баштайт.

Бирок унаалардын айнеги кара кагаз менен чапталса, жол эрежесин бузган айдоочуларды аныктоо кыйынчылык жаратат. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары унаалардын айнектерин караңгылатууну мыйзамдаштырууну сунуштап, өкмөттүн колдоосун тапкан. Учурда муну ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Эгерде айдоочулар айнегин караңгылатууну кааласа, анда жылына 400-500 доллар төлөшү шарт.