Кыргызстанда ундун баасы көтөрүлүүдө (видео)

2489

Кыргызстанда акырындык менен ундун баасы жогорулап жатат. Ишкерлердин айтымында, буга чек арадагы кырдаал себеп болууда. Коңшу мамлекеттин көзөмөлдү күчөтүүсүнүн негизинде унду импорттоо кескин кыскарган. Кыргызстандын унга болгон ички керектөөсүнүн тең жарымын тыштан кирген буудай жабат. Бирок ун өндүрүүчүлөр биримдигинин өкүлдөрү Казакстандан ташылган дандын көлөмү да кыскарганын айтышууда. Кошуна өлкө вагондор жетишсиз деген жүйөө менен буудай экспорттоону азайтыптыр.