Кыргызстанда уят тасмаларга тыюу салынабы? (видео)

1194

Порнографиялык сайттарга тыюу салынышы керек! Мындай демилгени жарандык активисттер көтөрүп чыгышууда. Алардын айтымында, эч бир чектөөсүз чыгарылып жаткан өтө эле ачык мүнөздөгү видео жана фото балдарды психологиялык жактан жабыркатууда. Ал гана эмес, чоң кишилерге дагы терс таасирин тийгизип, кылмыштуулуктун өсүүсүнө негиз болууда. Активисттер ата-энелерди балдарына көбүрөөк көңүл бурууга чакырып жатышат. Анткени Кыргызстанда порнографиялык сайттарга эч бир чектөөлөр киргизилген эмес. Анысы аз келгенсип жосунсуз мүнөздөгү тасмалардын шилтемелери ар бир смартфонго ачык эле келип турат.