Кыргызстанда жакыр жашагандар көбөйдүбү? (видео)

1022

Кыргызстан калкынын ¼ бөлүгү жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. Эсептөөлөргө ылайык, кимдин бир айлык кирешеси 2700 сомго жетпесе, ал жардылардын катарына кирет. Ал эми айлык кирешеси 1,5 миң сомго жетпесе, анда өтө жакыр деп эсептелет. 2017-жылдын жыйынтыгына ылайык, 1 миллион 600 миң кыргызстандык жакырчылыкта жашайт.

Ал эми 500 миң киши жакырчылыктын чегинде күн кечирүүдө. Мунун башкы себеби катары жумушсуздук экени айтылып, көпчүлүгү Нарын жергесинде жашары көрсөтүлгөн. Кирешеси үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлө келгенде айына 900 сомго жетпегендердин 16 жашка чейинки балдарына мамлекеттин эсебинен жөлөк пул төлөнөт.