Кыргызстанда жаңы музейлерди ачыш керекпи? (видео)

2151

Кыргызстанда жылкы, кийиз жана Ысык-Көлгө арналган өзүнчө музейлер ачылышы мүмкүн. Бул идея өкмөткө таандык. Ал тургай, мындай сунуш тарыхый-маданий мурастарды өнүктүрүү жана коргоо боюнча атайын программага киргизилип, коомдук талкууга чыгарылды.

Эгерде демилге колдоо тапса, 2030-жылга чейин ишке ашырылышы кажет. Деген менен, бүгүнкү күнү өлкөдө 60га жакын музей бар. Анын айрымдары бир нече жылдан бери оңдолбой, дээрлик кароосуз калган. Ал эми жылкы багып, кийиз жасоо менен алектенгендер өзүнчө музей ачууну колдошот.