Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмү көбөйдү

1307

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришүүдө. Алынган маалыматтар боюнча, жыл башынан бери 1 жашка чыга элек 1627 наристе чарчап калган. Бул былтыркыга салыштырмалуу көп. Өткөн жылы 8 айдын ичинде жаш балдардын арасында 1596 өлүм катталган.

Дарыгерлердин айтымында, мунун негизги себеби катары тубаса кемтик менен төрөлүү жана эрте төрөшөт, дешет дарыгерлер. Мындан башка дагы ар түрдүү факторлор да бар, дешет ак халатчандар.

Буга кошумча, төрөт үйлөрүндө медицина кызматкерлеринин шалаакалыгынан улам чарчап калган ымыркайлар боюнча бир нече кылмыш иши козголгону дагы маалым.