Кыргызстанда жума намазын мечиттен окууга уруксат берилди

6544

Өлкө боюнча жума намаздарын санитардык талаптарды сактоо менен мечиттерде окууга уруксат берилди. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.

Жума намаздарын мечитте окууга келгендер төмөнкү талаптарды сактоо тийиш:

— Беткап тагынуу;

— Адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты сактоо;

— Кол алышпоо, кучакташып көрүшпөө;

— Даарат алуу жана сүннөт намаздарын үйдөн окуп келүү.

Мечиттин айланасын дезинфекциялоочу каражаттар жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.

Сунуштар:

— Балдарга, карыяларга, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандарга мечитке келбөө сунушталат.

— Мечиттен 15-20 мүнөт аралыгында чыгып кетүү сунушталат.

— Жамаат намаздарын ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.

— Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.