Кыргызстанда жумушсуздардын саны 179 миңге жетти (видео)

921

Өлкөдө мугалим, тарбиячы жана тейлөө тармагында жумушчулар жетишсиз. Ошол эле убакта, иш табалбай жүргөн экономист менен юристтер көп. Кыргызстанда жумушсуздардын саны 179 миңге жетти. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети таратты. Бул көрсөткүч ишке жарамдуулардын 7 пайызын түзөт экен. Адистердин айтымында, жаштардын кесипти туура эмес тандоосу да жумушсуздуктун бирден-бир себеби болууда.
Тиешелүү мекеме жумушсуздарды кайра окутуп, аларды иш менен камсыз кылуу аракетин көрүп жатканын айтат. Бул жаатта алар көрсөткүчтү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 1 пайызга жакшыртып, 30 миңге жакын кишиге жумуш таап беришиптир.