Кыргызстанда жыл башынан бери 104 адам сууга чөгүп кетти

1047

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 104 адам сууга чөктү, анын 81и ушул жай мезгилинин эки айында эле катталган. Алардын көпчүлүгү — жашы жете элек балдар. Анын 49у — эркек бала, 12си — кыздар. Жарымынан кобу бирден 14 ко чейинки балдар экени маалым болду.

Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей, быйыл 187 куткаруучу окуп, анын 129у Ысык-Көлдөгү пансионаттарда иштеп жатат. Окутуу пансионаттардын ээлеринин демилгесинин алдында жүрүп жатат. Ал эми республика боюнча 366 пансионат катталган жана алардын баарында ИИМдин кызматкерлери коопсуздук жана профилактика чаралары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.