Кыргызстанда жыл башынан бери 878 өрт кырсыгы катталган

758

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча быйыл жыл башынан бери өлкөдө 878 өрт кырсыгы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп. Адистердин айтымында, быйылкы өрт кырсыктарында 28 киши набыт болуп, он беш киши ар кандай жараат алган.

Өрт кырсыктары келтирген чыгымдын көлөмү 292 миллион сомду түзгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, көбүнесе электр жабдууларын туура эмес колдонуу, этиятсыздык, меш пайдалануудагы эреже бузуу, балдардын от менен ойногону жалындын тутануусуна себеп болот.