Кыргызстанда жылына 3 000 тонна полиэтилен өндүрүлөт (видео)

2005

Кыргызстанда желим баштыктарды өндүрүүгө, колдонууга тыюу салуу керек! Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев көтөрүп чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда жылына 3 000 тонна полиэтилен өндүрүлөт. Мындан сырткары, желим баштыктар сырттан дагы импорттолот.

Анын баары колдонулгандан кийин таштанды катары айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип жатат. Андыктан башка өлкөлөр сыяктуу эле күнүмдүк колдонулуучу баштыкты желимден эмес, чирип, жок болуп кетүүчү материалдан даярдоого өтүү сунушталууда. Бирок мындай сунуштар буга чейин деле болуп, колдоо тапкан эмес.