Кыргызстанда «Зомбулукка каршы 16 күн» өнөктүгү өтүп жатат

3673

Кыргызстанда «Зомбулукка каршы 16 күн» аталышында акция өтүүдө. Бул өнөктүк дүйнө боюнча өткөрүлүп, анын алкагында бир топ мамлекеттерде өкмөттүк мекемелерди, жамааттарды, зомбулукка кабылгандарды, активисттерди бир тилектештиктин алкагында бириктирип, түрдүү иш-чаралар уюштурулат.

Жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган. Ал 25-ноябрь — Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь — Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

Кыргызстандын өкмөтүнүн маалыматына ылайык, 2019-жылдын он айында Кыргызстанда үй-бүлөдө зомбулук жасалган 5185 факты катталган. Адистердин айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 75 пайызы ур-токмокко кабылса, 25 пайызы психикалык кысымга алынат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.