Кыргызстандагы балдар үйлөрү жоюлабы? (видео)

1065

Кыргызстанда 12 миңден ашуун бала ата-эне мээриминен тыш балдар интернаттарында жашап жатат. Анын 2 миңдейи майып балдар болсо, калгандарын ата-энеси таштап кеткен же тоголок жетим балдар.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунан кийин балдардын укуктарын коргоо лигасынын жетекчиси Назгул Турдубекова билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысы балдар үйлөрүнүн санын кыскартып, кароосуз калган бөбөктөрдү колдон келишинче үй-бүлөлүк шартта тарбиялануусун камсыздоо керек, деген пикирин билдирген.