Кыргызстандагы финансылык пирамидалар (видео)

1239

29 адамды акчага алдаган 39 жаштагы аял кармалды. Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, кылмышка шектүү финансылык пирамидадан пайда табууну убадалап, адамдардан ири суммадагы акчаларын алып жүргөн. Ал аялга каршы арыз жазгандардын арасында 17 миң еврого алдангандар дагы бар.

Адистер соңку кездери Кыргызстанда тармактык маркетинг, финансылык пирамида түзгөн компаниялар көбөйгөнүн айтышууда. Буга өлкөдөгү жумушсуздук, элдин финансылык сабатынын начардыгы менен жана тез арада байуу үмүтү түрткү болуп жатат, дешет эксперттер. Ошондой эле, мыйзамдагы мүчүлүштүктөр дагы шылуундардын элди алдап пайда табуусуна шарт түзүүдө дегендер да бар.