Кыргызстандагы кафелердин сапаты аныкталат (видео)

878

Эми өлкөдө кафе-ресторандарды кире беришинде илинген түстүү чаптамалар аркылуу тандасаңыз болот. Экономика министрлиги эс алуучу жайлардын сапатын аныктоо боюнча жаңы эрежени сунуштап жатат. Ага ылайык, атайын түстөгү белгилер коюлат. Эгер кафе-ресторандардын сыртында кызыл чаптама илинип турса, ал жакка кирбей эле койгон оң. Анткени ал жак талапка толук туура келбейт дегенди түшүндүрөт. Сары белгини көрсөңүз дагы ойлонуп туруп баш бакканыңыз оң. Бул өңдөгү чаптама кафенин сапаты орто дегенди билдирет. Жашыл түстөгү болсо — эң мыкты эс алуу жайы деген белги. Бирок ишкерлер бул демилге паракорчулуктун жаңы булагын ачпайбы деп тынсызданууда.