Кыргызстандагы кийим тигүүчүлөр ири чыгымга учурап жатат

1340

Казакстан чек арада көзөмөлдү күчөткөндө бери Кыргызстандагы кийим тигүүчүлөр ири чыгымга учурап жатат. Мунун кесепетинен, учурда жеңил өнөр жай тармагында жумуш жай жүрүүдө. Айрым ишканалар жүктү учак менен жөнөтүүгө аракет кылып, бирок чыгымды санап көрүп, мындай кадамдан баш тартышкан. Ишканаларда жумуш аксаганы тигүүчүлөрдүн маянасына дагы кедергисин тийгизүүдө.

«Made in KG» энбелгиси менен даярдалган товарды казакстандыктар, россиялыктар жана белорустар алып келишет. Бирок чек арада көзөмөл күчөгөндөн бери кийим кече дарегине өз убагында жетпей, биздин ишкерлердин өнөктөштөрү башка жактан сатып ала баштаган.

Кардарларын жоготуп жаткан бизнесмендердин кирешеси кескин азаюууда. Жумуш 40 пайызга чейин кыскарганы айтылууда.