Кыргызстандагы кризиске каршы чаралар (видео)

2603

Кыргызстан Кытайдан ташылган товарлардын 30 пайызын гана ички өндүрүмдүн эсебинен жаба алат. Алар жеңил өнөр жай тармагындагы товарлар жана эт продукциясы. Ал арада өкмөт түзгөн Антикризисттик штаб коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын бизнес чөйрөсүно тийгизе турган таасирин талдай баштады.

Ишкерлер болсо бул абалдан финансылык жоготуусуз чыгуу үчүн бизнес тармагын колдоону күчөтүү керектигин айтышат. Мисалы, салыктын айрым түрлөрүнө жеңилдиктерди берүү.