Кыргызстандагы россиялык аскер базасынын аянты кеңейтилет

1212

Россия мамлекетинин президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында Россиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылды.

Россиянын укуктук порталында жарыяланган протоколго ылайык, базанын аянтын кеңейтүү жана учкучсуз аппараттарды колдонуу эрежелерине өзгөртүү киргизилген.

Ошондой эле орус тарап бирдиктүү базадагы жерди колдонуу үчүн Кыргызстанга жылына 4 миллион 794 миң долларды төлөмөй болду. Мурда бул сумма 4,5 миллион доллардын тегерегин түзчү.​

Россиялык ТАСС маалымат агенттиги аскердик базанын аянты 60 гектарга кеңейтилерин жазып жатат. Ал эми Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Раимберди Дүйшембиев жаңы кол коюлган протоколго ылайык базадагы учуу тилкелери модернизация болорун айтып, аянтынын кеңейтилиши боюнча жооп берген жок.

«Протокол буларды караштырат: Кыргызстандын жана бириккен орусиялык базанын коргонуу жөндөмүн камсыз кылыш үчүн кыргыз аскер кызматкерлерине учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууну үйрөтүү. Биз бирге колдонуп жаткан Кант шаарындагы аэродромдун учуу-конуу тилкесин жаңылоо. Россиянын аскер базасы үчүн колдонуп жаткан жердин ижара акысын 4 млн. 790 миң долларга чейин көтөрүү.

Кыргызстанда Россиянын бир нече аскер объектилери жайгашкан. Алардын эң ириси Канттагы авиабаза болуп саналат.​

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.